• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чолпонбаев: Элдин байлыгын элге бергенде, Садыр Жапаровдо мындай маселе болбойт болчу

2 Жалган куран 2020 14:30 Бишкек Govori.TV

Элдин байлыгын элге бергенде Садыр Жапаровдо мындай маселе болбойт болчу. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта борбордук аянтта өтүп жаткан митингде Мукар Чолпонбаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдон башка ондогон саясатчылар камактан чыкты. Эгерде бийлик эл менен сүйлөшүп, эсептешкиси келсе эмне үчүн мунапыс берилбейт? Садыр Жапаровдо мындай маселе болбойт эле. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин заманындагы адамдар абактан чыкты. Эмне үчүн Садыр Жапаровго мунапыс жана ырайым берилбейт? Биз азыркы өкмөт кетсин деген сунуш киргиздик. Болбосо кийинки шайлоо мындан дагы оор абалга кептелет. Жапаровду мыйзамдын негизинде бошотуп берүүнү суранабыз», — деп билдирди Чолпонбаев.

Количество просмотров: 115