• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Чолпонбаев: Жалал-Абадда коронавирустан айыккандар ооруканадан чыгарылат

30 Жалган куран 2020 12:05 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы бейтапканаларда коронавирус инфекциясы менен алышып, андан айыккан бейтаптар ооруканадан чыгарылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 30-мартта дарыгерлер тобун түштүк аймагына жөнөтүү үчүн чогулган жыйында билдирди.

“Бул кырдаал бир гана Кыргызстанга эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн чоң сыноо болду. Кытайдын мисалында коронавирусту жеңсе боло тургандыгын көрдүк жана биз ага жетебиз. Ошондуктан жалпыбыз колубуздан келгенди жасап, тажрыйбабызды көрсөтүшүбүз талапка ылайык”, – деп баса белгиледи ал.

Количество просмотров: 184