Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тийиштүү буйрукка Улукбек Марипов кол койгон.
Жазуучу, айтылуу «Бриллиант жылан» чыгармасынын автору Чолпонбек Абыкеев Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 1975-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда жана басма сөздө иштеп келе жатат. «Бриллиант жыландан» бөлөк дагы «Качкын», «Кара илбирс» повесттерин жазган.