• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Өчпөс отту үйлөп өчүргөн тиктокер боюнча президент үн катты

7 Чын куран 2021 20:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасы аркылуу Бишкектин Жеңиш аянтындагы «Өчпөс отту» өчүрүп ойногон балдар тууралуу оюн билдирди.

Жапаров балдардын «Өчпөс от» менен ойноп жатышканы тууралуу видеону көргөнүн жана жаштардын тарыхка, баалуулуктарга кайдыгер мамиле кылганы өтө кейиштүү экенин айтты.

Социалдык тармактарда «Өчпөс отту» өчүргөн балдардын видеосу тараган. Анда белгисиз эки жигит ТикТок тармагына видео тартып, өчпөс отту өчүрүүгө аракет кылышкан.

Милициянын кайгуул кызматы ал жигиттер кармалганын жана бейбаштыгы үчүн кечирим сураганын кабарлады.

Количество просмотров: 716