• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чу дарыясына түшүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда

18 Чын куран 202512:14 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Эске салсак, 15-апрель күнү «112» кызматына Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө тынымсыз улантылып жатат.

Буга чейин Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу ИИМден, УКМКнын чек ара кызматынан жана туугандарынан издеп жатышкан.

Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 242