Аламүдүн районунун Октябрь айылында Чу дарыясынан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучуларга дарыяда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары барышкан. Алар аны суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда каза болгон аялдын аты-жөнү такталууда.