• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Муфтий Чубак ажынын балдарына жолугуп, 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү

17 Теке 2020 23:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун үй-бүлөсүнө 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Ал Чубак ажы Жалиловдун уулдарын кайраттуу болууга, атадан калган илим жолун улантууга жана элге, мекенге кызмат кылган эр-азамат болууга чакырды.

«Дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу болду. Чубак ажыбыз бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү»,-деди Азирети Муфтий.

Ошондой эле Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Чубак ажыга эки тараптуу пневмония өрчүп, дем жетишсиздигинин үчүнчү даражасы деген диагноз коюлган. Ал жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Анын сөөгү кичи мекени Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Баймундуз айылдагы көрүстөнгө коюлду.

Количество просмотров: 296