• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чубак ажы: Зыяратчылар менен даватчылар коопсуздук эрежелерин сактабаса айып салынышы керек

14 Чын куран 2020 17:22 Бишкек Govori.TV

Зыяратчылар менен даватчылар коопсуздук эрежелерин сактабаса, аларга кандайдыр  бир деңгээлде айып салынышы керек. Бул тууралуу Чубак ажы Жалилов Govori.TVнын түз байланыштагы эфиринде билдирди.

«Илдет тарап жаткан учурда мамлекет тарабынан тыюу салынбаса деле өздөрү жоопкерчиликти сезип, токтотуп турушканы жөндүү болмок. Албетте, мындан Муфтият, Аалымдар Кеңеши, молдолор жалпы эле мусулман журтчулугу бир катар сабактарды алууга тийишпиз деп ойлойм. Бирок күнөөнүн баарын аларга оодарып жибергендин дагы кереги жок. Америка сыяктуу өлкөлөрдө деле бул илдет даватчысы менен зыяратчысы жок эле катталып жатат»,- деди Чубак ажы Жалилов.

Количество просмотров: 664