• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Марат Канулькулов сот системасынан кетти

8 Теке 201921:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Канулькулов Марат Эдильевич сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 18