• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө каттуу шамал болушу күтүлөт

1 Баш оона 202516:55 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Количество просмотров: 195