• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

11 Бирдин айы 20269:57 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

Министрлик катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

«Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуу кажет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болгондо «112» кызматына токтоосуз билдирүү сунушталат. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 90