• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек жана Чүйдө күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн

11 Кулжа 202512:07 Бишкек Govori.TV

Жакынкы 3 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал.

ӨКМдин маалыматы боюнча, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы күтүлөт.

«Мындай учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 154