Кыргызстанда дагы 2 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өкмөттөгү онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктургандар Ноокат районунун жашоочулары (1960-жылы туулган 1 эркек жана 1 аял киши), алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланып жатат. Бул бейтаптар да кичи ажылыктан келгендер.
«Учурда бейтаптар менен байланышта болгон адамдар аныкталып жатат, алардан анализ алынат»,-деди Ахматова.
Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстанда 16 адам коронавирус менен жабыркап жатат.