• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чыңгыз Айдарбеков БУУда баяндама жасайт

24 Аяк оона 2019 9:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 24-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында жалпы дебаттар башталып, анда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөйт.

Тышкы саясий мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр Кыргызстандын өнүгүү жолунун негизги багыттары тууралуу баяндама жасайт. Ал өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык жашоосунда болуп өткөн олуттуу өзгөрүүлөр, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана өнүгүүнүн негизги багыттары тууралуу айтып берет.

Кыргызстандын башкы дипломатынын Нью-Йорктогу жумуш сапары 21-сентябрда башталган. Ал Бишкекке кайра 28-сентябрда кайтат.

Сапар алкагында Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Улуттар Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму, Азиядагы кызматташтык диалогу жана башка эл аралык уюмдар менен форумдар алкагында талкууларга катышууда.

Количество просмотров: 78