• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чыңгыз Айдарбеков жаңы тышкы иштер министри боюнча пикирин айтты

27 Чын куран 2022 16:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков жаңы тышкы иштер министри боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, жаңы келген министрдин бул багыттагы иш тажырыйбасы абдан мол.

«Бүгүн кесиптештерибиз Жээнбек Кулубаевге бир катар түрдүү сунуштарды, пикирлерди айтышты. Эми ал ошол айтылган маалыматтын негизинде туура саясат алып барат. Ал тең салмактуу болуп, прагматикалык принциптердин негизинде, анан сөзсүз түрдө улуттук кызыкчылыктарыбызга таянып тышкы саясатыбызды жүргүзүүсү керек. Бул тууралуу ал өзү да бизге айтып, ишендирди», — деди депутат.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берди. Кулубаевдин талапкерлигин депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоду.

Количество просмотров: 4785