• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Айдарбеков Жогорку Кеңештин элегинен өттү

17 Тогуздун айы 2018 20:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.10.2018. Govori.TV
Тышкы иштер министри болуп, жаш адис келет экен деп коомчулук кубанып, кээде кабатарланып турган чагы. Аталган мекемеге сунушталып жаткан талапкер 41 жашта болгону менен тажрыйбалуу адис экени айтылып келет. Көп жашаган эмес көптү көргөн көп билет болуп, коомчулук бул жаш кадрга ишеним артып тургансыйт.
Тышки иштер министрлигине талапкер катары көрсөтүлгөн Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин элегинен өттү.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган мекемеге министр болуп келе турган Чыңгыз Айдарбековдун артыкчылыктарын айтты.
Сунушту кароодо Жогорку Кеңеште катуу талкуу жүрүп, Айдарбековду ар тараптан торушту.
Айрым депутаттар болочок министрге англисче суроо узатып, ошол тилде жооп берүүнү талап кылды.
Жаш адисти көрсөтүп жаткан премьерге ыраазылык билдиргендер да болду
Буга чейин жаш адистерди тандап алып дагы адашкан учурлар болгон
Эл өкүлдөрүнүн элегинен өтүп отуруп, Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды.

Количество просмотров: 39