• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, бир киши каза болду

14 Жетинин айы 202121:17 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Кырсык катталган аймакка 14:30да ӨКМдин Токтогул районунда жайгашкан №97 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 15:42де чектөөгө алынып, саат 17:00дө толук өчүрүлдү.

«Өрттүн кесепетинен унаанын ичинде белгисиз адамдын жансыз денеси табылды, өздүгү такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2277