• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чыгашасы көп мамлекеттик ишканалар жоюлат

29 Теке 2022 13:49 Бишкек Govori.TV

Киреше бербеген мамлекеттик ишканалар жоюлат. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлигине караштуу 24кө жакын мамлекеттик ишкана чыгашалуу абалда. Ал ишканалар активдүү иштеп, милдеттенмелерин аткарбай жатат.

Буга байланыштуу айыл чарба тармагындагы чакан ишканаларды ирилештирүү программасы түзүлдү. Балык чарбасы жана жер чарбаларын камтыган топ түзүү пландалып жатат.

Ошондой эле «Стройзим» жана «Ателье» ишканалары жоюлуу стадиясында экени белгилүү болду.

Бакиров чыгашалуу ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана ишенимдүү башкарууга өткөрүү боюнча варианттар каралып жатканын билдирди.

«Жакында «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлдү, анын курамына сегиз мамлекеттик компанияны кошуу каралып жатат, алардын катарында Кара-Балтадагы спирт заводу да бар, бирок бул маселе аягына чейин чечиле элек», — деди Мирлан Бакиров.

Количество просмотров: 1332