• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бакиров башка кызматка барат. Пара алуга шектелип токой чарба кызматкери кармалды

1 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАР КЕЛДИ

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары акысыз негизде 40 атайын өрт өчүрүүчү техника берди.

Техникаларды салтанаттуу тапшыруу аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Уводиченко жана РФ жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков катышты.

Эскерте кетсек, мындан мурда президент Садыр Жапаров Россия гуманитардык жардам катары 40 өрт өчүрүүчү техника жана «Ми-8» тик учагын акысыз негизде берерин маалымдаган.

БАКИРОВ БАШКА КЫЗМАТКА БАРАТ

Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Мирлан Бакиров өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев ЖКнын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бакировдун кетиши саясатка байланыштуу эмес, ал башка кызматка которулат.

Эске салсак, Мирлан Бакиров 27-февралда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагалыгынан бошотулган.

ПАРА АЛГАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ

10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Нарын облусундагы Ат-Башы районунун токой чарбасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин да ушундай эле аракети үчүн жоопко тартылган. Ошол эле учурда, 2015-жылдан 2018-жылга чейин Коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомдук уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

“Ал узак убакыттан бери башка жаранды мурда жумушка орноштургандыгы үчүн коркутуп-үркүтүү жолу менен акча талап кылып жүргөн. Шектүү кызмат адамы эмес болгондугуна байланыштуу ага карата сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы тандалды”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 249