• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чычкан дарыясына 38 тонна бензин төгүлүп балыктар кырылды

22 Үчтүн айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.2018.Govori.TV

Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 20-январдын түнүндө катталган. Анда «Фредлайнер» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын (бензовоз) айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен.

Ал эми, Токтогул районунда балык чарбадагы балыктар массалык түрдө кырылып жатканын Турмуш сайты райондун акими Майорбек Сатымкуловго шилтеме жасап, жазып чыкты.
«Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында жеке ишкер Аманжан Бирбиевдин балык чарбасындагы балыктар массалык түрдө өлүп жатат. Балыктардын өлүүсүнө 21-январда Чычкан капчыгайында кырсык себеп болуп жатат. Май ташыган унаа сууга кулап, балыктарга зыянын тийгизген. Бүгүнкү күндө райондогу тиешелүү кызматтар менен биргеликте териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Балык чарбасына келтирилген зыян юридикалык жактан каралып чыгат. Мындан сырткары кулаган унаанын ээси комиссиянын чечиминин негизинде районго чакыртылып жатат», — деди райондун башчысы.

Маалым болгондой, учурда 7 тоннага жакын балык кырылганы айтылууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей унаада 38 тонна бензин болгон.

 

 

Количество просмотров: 16