• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чыныбай Турсунбеков чыгарган ТЭЦтеги коррупциянын бир учугу (видео)

31 Үчтүн айы 2018 10:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31. 01. 2018. Govori.TV

Учурда Бишкек ТЭЦнин аварияга учурап, үч суткадан ашык убакыт миллионго чукул борбордун жашоочулары жылуулуксуз күн кечирди. Өкмөт абалдан чыгуу боюнча аракет кылганы менен оперативдүү иштерден майнап чыкпай, кыргыз энергетика тармагынын жетекчилигиндеги оркойгон кемчиликтер ачыкталып калды. Айрыкча, бир жыл мурун эле 386 млн. доллар сартапылп, модернизация болгон ТЭЦтин абалы коомчулукту катуу нааразы кылды. Азыр парламент депутаттарынан тартып карапайым калкка чейин “386 млн. доллар коротуп, ТЭЦтин болгону 30 пайызы жаңыланса, анда бул жерде чындап коррупция бар? Акчаны кимдер жеди?” деген суроо пайда болууда.

Биз, ТЭЦтин айланасындагы чуу актуалдуу болуп турган маалда, 2017-жылдын май айында Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Чыныбай Турсунбеков көтөргөн маселени кайрадан элдин эсине салалы деп чечтик. Анда депутат, ТЭЦке миллиарддаган сомдор короп жатканын, аны көмүр менен камсыздоодо чоң коррупция болуп жатканын ачык айтып чыккан эле. Ал кезде жай, күн ысык, маселеге эч ким көңүл бурган эмес…

 

Количество просмотров: 35