• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чыныбай Турсунбековго сурак жок

7 Бугу 2018 10:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.05.2018. Govori.TV
“ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбековго УКМКнын шеги жок”. Мындай маалыматты УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлаган.
Анда белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин аппаратында жоголгон 30 миң доллар боюнча кылмыш ишинде Чыныбай Турсунбеков шектүү катары эмес, күбө катары суракка алынган жана анын бул ишке тиешеси жоктугу аныкталган.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин аппаратынан КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы уюштурган Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлыкка делген 30 миң доллар жоголуп, бул боюнча эл аралык, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров камакка алынган.
Кийинчерээк, парламенттен бөлүнгөн каражатка ошол кездеги комитет башчы Аскар Шадиев кол койгону маалым болуп, ага кылмыш иши козголгон. Учурда анын кайда экени табылбай жатат.
Количество просмотров: 6