Кыргызстандын жараны Баялы Торогельдиев учурда Чымкенттеги үйүндө. Бул туурасында соцтармактарда видео жарыяланды.
Буга чейин Кыргызстандан Казакстанга эмгектенүүгө барган кыргыз жараны Баялы Торогельдиев дагы кармалып, укук коргоо органдары тарабынан суракка алуу учурунда ур-токмокко алынып, зомбулукка кабылгандыгы тууралуу маалыматтар тараган.
Жалпыга маалымдоо каражаттары маалыматты тактоо үчүн жакындарына кайрылган учурда Баялы Казакстандын Чымкент шаарындагы үйүндө жашап жаткандыгын, анын абалы жакшы экендигин кабарлашкан.