• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чымкентте кыргызстандык жигит кармалып, сурак учурунда сабалды

10 Үчтүн айы 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Чымкент шаарында Кыргызстандын жараны — 1997-жылы туулган Баялы Төрөгелдиев кармалды. Бул тууралуу КРнын Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Төрөгелдиевдин туугандарынын айтымында, Баялы сурак учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан сабалган жана учурда оор абалда. Ага медициналык жардам да көрсөтүлбөй жатат.

«КРнын Акыйкатчы институту Казакстандын адам укуктары боюнча өкүлү Элвира Азимовага кайрылып, Кыргызстандын ар бир жаранынын укугун коргоого көмөктөшүүнү суранды. Ошондой эле эмгек мигранты Баялы Төрөгелдиевге юридикалык жана медициналык жардам көрсөтүүнү суранды»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстанда 5 кыргыз жараны кармалып турганын кабарлаган.

Количество просмотров: 2932