• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын кароодон Бишкек шаардык соту баш тартты

31 Тогуздун айы 202412:51 Бишкек Govori.TV

31-октябрда Бишкек шаардык соту Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, “Айт, айт десе” долбоорунун журналистти Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын адвокатынын арызын кароодон баш тартты.

Ленин райондук соту 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыратып, Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго карата калган мөөнөтүн 3 жылдык пробацияда өтөөсү боюнча чечим чыгарган.

Ал эми Сапар Акунбеков, Жоодар Бузумов, Максат Тажибек уулу, Акылбек Орозбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбеков, Жумабек Турдалиев сыяктуу журналисттердин ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталышкан.

Количество просмотров: 226