• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык «Капитал банк» мамлекетке өттү

25 Теке 202418:01 Бишкек Govori.TV

Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык «Капитал банк» ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары мамлекеттин карамагына өттү. Аталган банктын 40 пайыз акциясы Эржан Чыныбай уулуна, 60 пайызы Айдай Турсунбековага менен Бегимай Чыныбай кызына тийиштүү болгон.
Эми ал акциялардын баары Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өттү.


Буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай жана Бегимайды кармаганы
белгилүү болгон. Биринчи май райондук сотунан билдиргендей, Айдай Турсунбекова 24-августка
чейин камакка алынган. Ал эми Бегимай Чыныбай кызы 24-августка чейин үй камакта болот.

Мурдагы депутаттын кыздары кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип, камакка алынган.


Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Максим
Бакиевке тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алып, «Капитал банк» деп өзгөрткөнүн айткан.


Количество просмотров: 139