• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Чё та башкача кетип баратат… «. Сыймык Жапыкеев кайрылуу жасады

2 Бирдин айы 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев фейсбук баракчасына билдирүү жазып, кайрылуу жасады.

«Достор, барсыңарбы? Чё та башкача кетип баратат… Финполду эл колдойт, Финпол элге иштейт. Жумалиев «100 млн сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө өкмөткө коём, балдарымды чыгарып бер» дегенинен биз аз андан көбүрөөк болсун деп болбой койсок, Биринчи май райондук соту чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти. Достор, Финпол жеңилип калабызбы? Кандай кылалы оюнарды жазгылачы?», — деп билдирүү жазган ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция 1-февралда жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү. Ал өз өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскара турганын айткан.

Маалыматтарга караганда, өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыгып, айрым бөлүмдөр жоюлат. Мисалы, Финансы полициясынын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет

Количество просмотров: 893