Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.
Кечээ чыр чыккан Орок айылына атайын күчтөр келишип, абалды көзөмөлдөшүүдө. Govori.TV агенттигинин кабарчысы чыр чыккан айылга барып окуя менен жеринен таанышып келди.
Маалыматка ылайык, учурда абал туруктуу, тартип сакчылары түнү менен окуя болгон жерди көзөмөлдөшкөн.
Эске салсак, Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. Таяк жеген балдар ооруканага жаткырылылган.