• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чыр чыккан жерге Баткендин губернатору Мадумаров барбай койду

10 Үчтүн айы 2020 17:53 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров ок атышуу болгон Көк-Таш айылына келген жок. Учурда Көк-Таш айылында эл чогулуп турат. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди. Анын айтымында эл Өкмөттүн өкүлүн чакырып, чатакты чечүүнү талап кылмак. Ал келген жок.

Кечээ түнү менен ок атышуу болду. Эл азыр да көчөдө топтолгон бойдон жүрүшөт. Көпчүлүгү түндөн бери үйлөрүнө барыша элек. Жергиликтүү эл көйгөйдү чечүүнү талап кылуу максатында Өкмөттүн өкүлүн айылга чакырышты. Губернатор келген жок. «Ооруп жатат» дешти. Анын орун басары, райондун акими Көк-Таш айылына келишкен. Эвакуацияланган эл азырынча үйлөрүнө кайтарыла элек», — деди айылдык кеңештин депутаты.

Баткен районунун Көк-Таш айылында бүгүнкүгө караган түнү тажик тараптан ок атылган. Бул көрүнүш таңкы саат 07:20 чейин маал-маалы менен уланып турган. Укук коргоо органдары кырдаалга байланыштуу аялдарды, жаш балдарды айылдагы мектепке эвакуациялаган.

Маалыматтарга ылайык, кыргыз тарапта ок атышуудан жаракат алгандар болгон эмес.

Булак: Марал

Количество просмотров: 1549