• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чырмалышкан тууганчылык: Марат Кудайбергенов Балыкчынын мэри болуп шайланды

14 Бугу 2019 11:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.05.2019.Govori.TV.

Балыкчы шаардык кеңешинде жаңы мэрди шайлоо өнөктүгү аяктады. Шаардын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды.
Айта кетсек анын атасы Сагын Кудайбергенов көп жылдан бери жергиликтүү кеңештин депутаты. Бир тууган агасы Жыргалбек Кудайбергенов да депутат. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев болсо бир тууган бажасы. Такталбаган маалыматтар боюнча Караколдун азыркы мэри Адыл Каниметов Кудайбергеновдордун колдоочусу. Ал болсо президенттин агасы Жусупжан Жээнбековдун күйөө баласы.
Анын талапкерлигин 31 депутаттын ичинен 22си колдошту. Атаандашы Мирбек Шакировго 9 депутат добуш берген.
Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов иштеген. Ал 19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болуп дайындалган.

Количество просмотров: 32