• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Цирк кызматкерлери иштен кетүү боюнча арыз жазышты

23 Үчтүн айы 201916:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Мамлекеттик циркте эмгектенген 30дан ашуун артист, труппа жетекчилери иштен кетүү боюнча арыз жазды.

Маалыматка ылайык, арыз менен бирге артисттер эл аралык мелдештерде, ар кандай сынактарда утуп келген кубокторун, грамоталарын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго тапшырганы жатышат.

Артисттердин мындай кадамга баруусунун себебин, «министр «үч күн ичинде жетекчи дайындалат» деп убада берген. Бүгүн үчүнчү күн болуп жатат. Кеч кирип баратат, эч кандай жумуш болгон жок»,-деп түшүндүрүүшүдө.

Эске салсак, ушул дүйшөмбүдө Мамлекеттик цирктин 20дай кызматкери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык иретинде оюн-зоок уюштурган. Акцияга катышкандар эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун цирктин жамааты сунуш кылган Аида Акматованын талапкерлигине каршы болуп жатканына нааразы экенин айтышкан.

Министр Жаманкулов цирк жетекчилигине көрсөтүлгөн талапкерлердин программа-концепциясы каралып жатканын, мекемеге мыкты менежер барышы керек экенин айткан.

Циркти буга чейин, 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.

Количество просмотров: 14