• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Цирк жетекчилигине төрт кишинин талапкерлиги каралууда

21 Үчтүн айы 2019 13:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышууда. Министр Азамат Жаманкуловдун айтканы боюнча, азыр төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат.

Азыр талапкерлердин программаларын, концепцияларын карап жатабыз. Бир кишиге токтолуп, чечим чыга элек. 2-3 күндүн ичинде жетекчини коюп калышыбыз керек— деди ал.

Цирктин буга чейинки директору Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.

«Циркти башкарат» деп коомчулук ишеним көрсөтүп аткандардын арасында маданият министринин мурдагы орун басары Фархат Бекмамбетов, жарандык активист Азамат Аттокуров, гимнаст Аида Акматова жана балетмейстер Зарылбек Молдобакиров бар.

Кыргыз цирки 1962-жылы түзүлгөн. Учурда бул мекемеде 130 киши иштейт. Анын кыркка жакыны чыгармачыл жамаат өкүлдөрү. СССР убагында кыргыз циркинде 29 түрдүү жаныбар болгон. Азыр үч жылкы гана калды. 

Количество просмотров: 3