Өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу бүгүн, 10-январдан тартып мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен коронавируска экспресс-тест алынып баштады. Бул тууралуу маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден соолукту чыңдоо” борборунун YouTube каналына жарыялады.
Маалыматка караганда, министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлери массалык түрдө коронавируска экспресс- тест тапшырышат. Мындай чечимди COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алды.
«10-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинде 57 кызматкер тест тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.
Бул арада региондордогу медициналык мекемелердин эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерин эмгек акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарып жатканы белгилүү болду.