Бүгүн, 23-августка карата коронавирус менен пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) дагы 134 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы катталгандар:
Бишкек шаарында 33 адам;
Ош шаарында 3;
Чүй облусунда 12;
Ош облусунда 21;
Талас облусунда 5;
Нарын облусунда 8;
Ысык-Көл облусунда 16;
Жалал-Абад облусунда 27;
Баткен облусунда 9 адам.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жалпы 43023 адамга коронавирус жукту.