• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

COVID-19: 46 адамдан вирус аныкталды

28 Бештин айы 2021 10:02 Бишкек Govori.TV

28 — декабрга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 46 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек — 19;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 4;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу — 2.

Өткөн суткада таажы илдетинен 1 бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 61 адам. Стационарда 264 жана амбулатордук түрдө 325 адам дарыланып жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 552 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 680 киши айыгып чыкса, 2798 адам каза болду.

Количество просмотров: 49