Кыргызстанда 1-декабрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Эмдөө албагандар арасында үч бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 466 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 404 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 332 киши айыгып чыкса, 2 миң 749 адам каза болду.