Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 78 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 50 адам;
— Чүй облусунда 13 адам;
— Талас облусунда 5 адам;
— Ысык-Көл облусунда 2 адам;
— Нарын облусунда 3 адам;
— Жалал-Абад облусунда 5 адам.
Ошентип өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 2285 кишиге жетти.