Кыргызстанда 20-январга карата коронавирус 870 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар:
Акыркы суткада 266 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1040 бейтап, амбулатордук түрдө 5 миң 961 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 28 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 842 бейтап каза болду.