• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

COVID-19: Бүгүн 304 жаңы учур катталды

12 Баш оона 202011:26 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 304 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 88 адам;

— Ош шаарында 21 адам;

— Чүй облусунда 27 адам;

— Ош облусунда 42 адам;

— Ысык-Көл облусунда 37 адам;

— Жалал-Абад облусунда 28 адам;

— Баткен облусунда 43 адам;

— Талас облусунда 7 адам;

— Нарын облусунда 11 адам.

Кыргызстанда жалпы 40 миң 759 бейтап COVID-19 илдети менен катталды.

Количество просмотров: 192