Акыркы суткада коронавирустун 91 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаменти кабарлады.
Алардын ичинен 63 адамда оорунун белгилери байкалгандыктан ооруканага кайрылган, 21 кишиден ПЧР-тесттен аныкталган.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 75;
Ошто – 5;
Чүй облусунда – 8;
Ош облусунда – 1;
Талас облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 1.
Бүгүнкү күндө 85 адам амбулатордук түрдө, 16 адам ооруканада дарыланууда.
Белгилей кетсек, жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 201 505 учур катталып, өлүмдүн көрсөткүчү 1,5%ды түздү.