• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19: Бир суткада 407 адам айыкты

10 Баш оона 202011:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 407 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Бишкек шаарында 51 киши, Ош шаарында – 91, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда 41 бейтап коронавирустан айыкты»,-деп айтылат штабдын маалыматында.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 32 миң 229га жетти.

Количество просмотров: 114