• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19: Бишкекте «Эскерүү шамы» акциясы өтөт

7 Баш оона 202010:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында COVID-19дун курмандыктарын эскерүү максатында «Эскерүү шамы» акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акция 29-августта өтөт. 

«Урматтуу шаар тургундары! 29-августта коронавирус илдетинен жана пневмониядан каза болгондордун жаркын элесине арналган «Эскерүү шамы» акциясына чакырабыз. Саат 21:30да үйдөгү жарыкты өчүрүп, терезени ачып, шам жагып, каза болгондорду эскерели», —  деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мындан тышкары, борбор калаадагы Ч. Айтматов, И. Ахунбаев көчөлөрүндө бир канча мүнөткө жарык өчүрүлө турганы айтылат.

Количество просмотров: 104