• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

COVID-19 дагы 67 адамга жугуп, 3 бейтап каза тапты

27 Жетинин айы 2021 12:45 Бишкек Govori.TV

COVID-19 бюонча республикалык штаб 27-ноябрга карата 67 адам коронавирус жугузуп алганын маалымдады.

Алардын 21и Бишкек шаарынан, 10у Чүй облусунан, төртөө Ош облусунан, үчөө Талас облусунан, 11и Ысык-Көл облусунан, 10у Жалал-Абад облусунан, 8и Баткен облусунан катталган.

Ал эми бир суткада 91 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 418 бейтап, амбулатордук түрдө 552 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 207 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 960 киши айыгып чыкса, 2 миң 740 адам каза болду.

Количество просмотров: 82