Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 88 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.
Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (55) жана Чүй облусунда (24).
Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 87 946га жетти, каза болгондор — 1494 адам.
Бир күндө 68 адам айыгып чыкты.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4233 адамга жетти, алардын 4196сы айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору төрт дарыгерден табылды.