Бүгүн, 9-февралга карата өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети дагы 97 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Ал эми бир сутка ичинде 4 адам бул илдеттен улам көз жумду.
Коронавирус аныкталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө илдет жуктургандардын жалпы саны 199 миң 714кө жетти. Анын ичинен 191 679 айыгып чыкса, 2 913 адам коронавирустан каза болду.