Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 648 бейтап, амбулатордук түрдө 774 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 269 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 206 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 153 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 271 киши айыгып чыкса, 1 миң 507 адам каза болду.