Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы 83 адам айыгып, бүгүн, 11-февралга караган суткада ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 82 006 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.