Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Бүгүнкүгө чейин өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийин 1063 адам көз жумган (башка оорунун кесепетинен көз жумган адамдардын саны кошулган эмес).
Өлкөдө жалпысынан 45 миң 244 адамдан коронавирус жана пневмония жуктурду.