• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

COVID-19 инфекциясын жугузгандар менен 7 миң 455 адам байланышта болгон

15 Чын куран 202010:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан боюнча COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандар менен 7 миң 455 адам байланышта болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 528 адамды, ал эми башка байланыштар (II категория) – 5 миң 977 адамды түзөт.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 449га жетет. Алардын ичинен 78 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Количество просмотров: 164