Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 304 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын маалыматы боюнча, бир суткада жалпы 112 адам эмделген.
Бишкекте – 127 адам, Ошто – 123 адам, Чүй облусунда – 54 адам эмдөөдөн өткөн.
Эскерте кетсек, биринчи этапта «SinoPharm» кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.
Белгиленгендей, биринчи этапта жандандыруу бөлүмүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасынын, тез жардам дарыгерлери, оорунун очогунда иштеп жаткан эпидемиологдор, андан тышкары мугалимдер, Чек ара, Бажы кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери эмделишет.